Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте унаа тыгындары азаят. Жолдорду түшүрүүгө мүмкүндүк берүүчү транспорттук түйүндөрдү куруу пландаштырылууда

Борбор калаанын мэри China Road компаниясынын өкүлдөрү менен долбоордун үчүнчү фазасын талкуулады

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдан келген гранттын негизинде борбор калаанын жолдорун оңдоп жаткан China Road and Bridge Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашырууну баштоону талкуулашты. Үчүнчү этаптын алкагында транспорттук түйүндөрдү куруу пландаштырылууда. Курулуш тыгын маселесин чечип, шаар жолдорунун олуттуу бөлүгүн жеңилдетет.


Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү долбоордун экинчи фазасын ишке ашырууда пайда болгон айрым техникалык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Шаар мэри жаралган маселелерди чечүүгө шаардык кызматтар колдон келген жардамын көрсөтөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, долбоордун 3-фазасынын алкагында транспорт түйүндөрүн жана эстакадаларды куруу төмөнкү жерлерде  каралган:

- Фучик жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде;
- Анкара менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде;;
- Сүйүмбаев жана Т.Айтматов көчөлөрүнүн боюна Л.Толстой көчөсүнө чыгуучу эстакадалык өтмөктөрдү куруу.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх