Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин башчысынын орун басары болдубу?
Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн Төрөбаев командага тааныштырылат
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев дайындалды. Бул тууралуу өздүк булактарга таянып “Азаттык” билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Төрөбаев бүгүн командага тааныштырылат. Кошумчалай кетсек, бир катар маалымат каражаттары ал Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчиси боло турган Азиз Аалиевдин ордуна дайындалаарын жазып чыгышкан.
Ал эми министрлер кабинетинин басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз