Азиз Аалиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
Аткаминер башка ишке өтөөрү белгиленген
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз