Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марлен Маматалиев: Эгерде Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинде реалдуу секторду жетектесе, ал алып кете алат

Депутат министрлер кабинетинде боло турган кадрдык өзгөрүүлөрдү ырастады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Бакыт Төрөбаевдин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалышы мүмкүн деген маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, Төрөбаев бул кызматка анын азык-түлүктүн баасын түшүрүү сунушуна байланыштуу дайындалышы ыктымал.

- Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизди, - деди Маматалиев. - Төрөбаев  май менен кумшекердин баасын кармап туруу боюнча бир нече демилгелер жана башка антикризистик сунуштар менен чыккан. Бул акыркы жыйынтыкка таасирин тийгизди деп ойлойм. Кайсы тармакты жетектейт билбейм. Эгерде ал министрлер кабинетинде реалдуу секторго жооп бере турган болсо, анда ал өз милдетин аткарат деп ойлойм.

Эске салсак, буга чейин “Азаттыкка” өз булактарына таянып, буга чейин кызматынан бошотулган Азиз Аалиевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин башчысынын орун басарлыгына келери айтылган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх