Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек башкы архитектурасы» жашоочулардын макулдугусуз көп кабаттуу үйдүн планын өзгөртүүгө уруксат берүүдө

Бул тууралуу Джал-29 кичи районунун тургундары Башкы Прокуратуурага кайрылды

«Бишкек башкы архитектурасы» жашоочулардын макулдугусуз Джал-29 кичи районундагы №19 көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынын планын өзгөртүүгө уруксат кагазын берген. Бул тууралуу аталган үйдүн жашоочулары билдиришти.

Алардын айтымында 24-март күнү аталган үйдүн биринчи кабатында турак эмес жайды турак жайга айландыруу иштери башталган. Турак эмес жайдын ээси проектте көрсөтүлгөн турак эмес жайдын эшигин кыш менен жаап, кире бериштин жалпыга таандык аянчасындагы дубалды тешип эшик чыгара баштаган.

Жашоочулар эч кимден биринчи этаждын планын өзгөртүүгө макулдук алынбаганын жана бул тууралуу алдын ала маалымат берилбегенин кошумчалады.

 «Биз №19 үйдүн жашоочулары турак эмес жайдын ээсине жалпыга таандык аянттын дубалын тешип эшик чыгарууга каршы экенибизди айтканда, ал бизге Бишкек башкы архитектурасынын ушул жылдын 9-мартында турак эмес жайдын жарымын турак жайга өзгөртүүгө берген уруксат кагазын көрсөттү. Бул уруксат үйдү курган Ата Бей фирмасы тарабынан алынган», - деп билдиришти алар.

Тургундар, проектте мыйзамсыз өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгында тогуз кабаттуу үй жер титирөө жана башка катаклизмдерге туруштук бере аларына жана жашоочулардын өмүрүнө коркунуч алып келбесине кепилдик жок экендигин айтышууда.

Үйдүн кире беришинин планировкасын өзгөртүүгө каршы чыккан жашоочулар дубалды тешүү иштерин турак эмес жайдын ээсинен токтотуп турууну өтүнгөн, ага карабастан ал 26-мартта жалпыга таандык аянттын дубалын тешип эшик орноткон.

Аталган мыйзамсыздыкка каршы чыккан үй тургундары мыйзамдык укуктарын коргоп берүү жана Ата Бей курулуш фирмасы менен Бишкек архитектурасынын иш аракетин мыйзам чегинде карап чыгуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Жашоочулар кайрылуусунда үйдүн проектисин өзгөртүүгө берилген уруксат кагаздарынын мыйзамдуулугун карап чыгууну, жашоочулардын мыйзамдык укуктарын коргоп берүүнү, жалпыга таандык аянттагы дубалды мурунку калыбына келтирүүнү жана мыйзамсыз иш жасагандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх