Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысына ишеним грамотасын тапшырды

Тараптар КР менен ИКУнун ортосундагы актуалдуу маселелерди жана кызматташуунун келечегин талкуулашты

28-мартта Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Хиссейн Брахим Тахага Кыргыз Республикасынын ИКУдагы туруктуу өкүлү катары ишеним грамотасын тапшырды.


Башкы катчы Элчини Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиядагы дипломатиялык миссиясынын башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, анын ИКУга туруктуу өкүлү катары келиши Кыргыз Республикасы менен ИКУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Улукбек Марипов тынчтык орнотуу жана коопсуздук маселелери боюнча ИКУнун алдында турган маанилүү милдеттерди ишке ашыруу, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууда күчтөрдү консолидациялоо жана социалдык, экономикалык жана гуманитардык программаларды илгерилетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ИКУнун ортосундагы актуалдуу маселелерди жана кызматташуунун келечегин талкуулашты.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх