Искендер Матраимов КМШ ПАА Кеңешинин контролдук-бюджеттик комиссиясынын жетекчиси болуп дайындалды
Жыйынга Кыргызстандан Талант Мамытов катышты
Жогорку Кеңештин депутаты, Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин көзөмөлдөө-бюджет комиссиясынын жетекчиси болду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына парламенттин басма сөз кызматы тастыктады.
Бир күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, депутаттар Нурбек Алимбеков, Аида Исатбек кызы, Искендер Матраимов жана Данияр Төлөнов менен бирге КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышты.
«Талкуулоонун жыйынтыгы менен Дмитрий Кобицкий КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин башкы катчысы болуп кайра дайындалды. Көзөмөл-бюджеттик комиссиянын төрагалыгына мурда сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун талапкерлиги да КМШ ПАА Кеңешинде жактырылды. Белгилей кетсек, бул комиссиянын ушул жылдын февраль айында өткөн жыйынында төрагалыкка Искендер Матраимовду шайлоо чечими кабыл алынган», — деп жазылган парламенттин сайтында.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www