КРнын Улуттук банкы: Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банктын кирешесинин 90%ын мамлекеттик бюджетке которуу сунушталууда
Улуттук банктын төрагасы кирешенин калган 10% резервин толтурууга кетет деп түшүндүрдү
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешелерин которуу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлүүдө.
Мурдагы мыйзамга ылайык, Улуттук банктын кирешесинин 70% мамлекеттик бюджетке которулса, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, кирешенин 90% өлкөнүн бюджетине түшөт.
Депутат Өмүрбек Бакиров Улуттук банкта калган пайданын 10% эмнеге жумшалып жатканын сурады.
— Мурда кирешенин 70% бюджетке чегерилип келсе, азыр 90% киреше мамлекеттик бюджетке түшүү сунушталууда, — деди ал. - Мындай өзгөрүүлөргө эмне себеп болду? Ал эми калган 10% эмнеге жумшалат?
Өз кезегинде Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев калган 10% Улуттук банктын резервин толуктай турганын түшүндүрдү.
«Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси министрлер кабинети», - деди ал. — Мамлекеттик бюджетти толтурууга. Кирешенин калган 10%ы КР Улуттук банкы тарабынан кызматкерлердин эмгек акысына же башка муктаждыктарга жумшалбайт. Бул каражаттар Улуттук банктын резервин толуктоого жумшалат.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www