Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров менен БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кризиске каршы аракеттенүү планын талкуулашты

Министрлер кабинетинин башчысы БУУнун системасынын өлкө планын оңдоо зарылдыгын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды.

Пикир алышуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров акыркы глобалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында БУУ тутумунун иш-аракеттеринин өлкөлүк планын өзгөртүү зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело жакында Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Антикризистик пландын сапаттуулугун белгилеп, анда калк турмушуна тийиштүү бардык маанилүү аспектилер жана багыттар камтылгандыгын жана ал өз учурунда кабыл алынгандыгын билдирди.  

Ошондой эле Озонниа Ожиело Министрлер Кабинетинин башчысына учурда БУУ тутумунун программаларынын ар кыл тармакта ишке ашырылышы боюнча маалымат берди.

БУУ өкүлү белгилегендей, дүйнө жүзүндө азык-түлүккө жана күнүмдүк керектелүүчү товарларга карата баалардын кескин жогорулашы байкалууда жана бул өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкмөттөрү үчүн олуттуу чакырык болуп саналат.

Жолугушуунун катышуучулары тышкы таасирлерди жумшартуу жана калктын аяр катмарынын жакырчылыкка дуушар болушунун алдын алуу боюнча зарыл чараларды кеңири талкуулады.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх