КРнын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков менен байланыш министри Мохаммед Аль-Маннай жолукту
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында талкууланып жаткан маселелер боюнча өз ара координациялоо боюнча макулдашууга жетишилди
Дохада Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чыңгыз Эшимбеков менен Катар Мамлекетинин Байланыш жана маалыматтык технологиялар министри Мохаммед Аль-Маннайдын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-катар кызматташтыгын байланыш жана маалымат технологиялары жаатында өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты. Тиешелүү органдар менен эки өлкөнүн IT-коомчулугунун ортосундагы өз ара байланышты түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.
ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт ТИМ басма сөз кызматы