Борбордук Азия өлкөлөрүнүн сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги жыйыны болуп өттү
Кыргыз тараптын атынан Экономика министрлигинин өкүлү Заир Коңурбаев сөз сүйлөдү
Кечээ, 30-31-мартта TFCA GIZ Долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги жыйыны онлайн режиминде өттү.
Жолугушуунун негизги максаты сооданы жеңилдетүү маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана Сооданы жеңилдетүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун Макулдашуусун ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө болду.
Жыйынга Кыргыз Республикасындагы сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жогорудагы жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы Соодага көмөктөшүү кеңешинин катчылыгынан кыргыз тараптан баяндамачы катары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин регионалдык платформасынын ишин координациялоо боюнча темадагы презентация менен «2022-жылы Кыргыз Республикасында сооданы жеңилдетүү боюнча чараларды ишке ашыруунун артыкчылыктары » Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык салык жана бажы мамилелери башкармалыгынын жетектөөчү адиси Заир Коңурбаев билдирди.
Экономикалык соода министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www