Ысык-Көл облусунун ИИБнын экологияны сактоо боюнча ролик чыгарды (видео)
Ырды мектеп окуучулары Тата Уландын музыкалык композициясына аткарышты
Президент Садыр Жапаров 2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климатка туруктуулук жылы деп жарыялады. Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туризм жана экология милициясы тарабынан “Жаратылышыбызды сактайлы” деген аталыштагы видеотасма жарыяланды. Видеонун мааниси – адамдар ач көздүгүнөн улам жаратылышка, айлана-чөйрөгө орду толгус зыян келтирүүдө. А сиз бул дүйнөнү балдарыңыз үчүн сакташыңыз керек, кеч боло электе.
Ырчы Тата Улан бул демилгени чоң түшүнүү менен кабыл алып, туристтик жана экологиялык полициянын демилгесин колдоп, клипке өзүнүн музыкалык чыгармасын колдонууга уруксат берген. Ырдын сөзүн жана клиптин сценарийин облустук милициянын басма сөз кызматы даярдаган. Ырды К.Карасаев атындагы «Сапат» лицейинин 5-классынын окуучулары Жасмина Асматова жана Нурел Мамбеталиев аткарышты.
«Бул клип менен биз мекендештерибизди адамдардын жаратылыш менен биримдигин, тышкы дүйнө менен болгон байланышыбызды түшүнүүгө чакыргыбыз келет. Видеобуз кимдир-бирөөнү иш-аракетке шыктандырат, ал эми кимдир бирөө аларды ойго салат деп ишенебиз. Жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн, токойлорду сактоо, таштандыларды кайра иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо – мунун баары адамдар кайда жашашына жана эмне менен алектенгенине карабастан тиешелүү», - деп белгиледи туристтик жана экологиялык милиция.
Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www