Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиевди Курманкул Зулушев боюнча айткан сөзүнөн кийин жети прокурор текшерди

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы мыйзамсыз эч нерсе кылбагандыктан текшерүүдөн коркпой турганын белгиледи

Саламаттыкты сактоо министринин ишмердүүлүгүн прокуратура текшерет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Алымкадыр Бейшеналиев өзү билдирди.

«Менин сөздөрүмдү жана бардык иш-аракеттеримди жети прокурор текшерип жатат», - деп түшүндүрдү Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы. «Андан сырткары министрликтин кызматкерлери да текшерүүгө алынган. Баарын текшеришет, жадакалса менин “лопух” деген сөзүмдү. Мейли, мен тынчмын, эч кандай мыйзамсыз иш кылган жокмун. Текшерсин. Мен дагы кызматкерлериме ишенем. Мен өз ишим үчүн жооп берем.

Эске сала кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев Таластыктар боюнча билдирүүдөн кийин Башкы прокуратуранын ага карата эскертүүсүнө макул эмес болчу.

«Мен макул эмесмин, башкы прокурор ким экен? - деп билдирди анда министр журналисттерге. - Каалаганын кыла беришсин. Мен эл үчүн реформа жасашым керек”.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх