Алмазбек Атамбаевди тез жардам унаасы соттон алып кетти (видео)
Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-президенттин жүрөгү ооруган
Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өттү. Жыйынга экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келишкен.
Анын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, соттук отурумдун жүрүшүндө сот кызматкерлери тез жардам чакырууга аргасыз болушкан — Атамбаев ооруп калган.
Болжолу, мурдагы мамлекет башчынын жүрөгү ооруган.
Мындан тышкары Жолдубаева анын жубайы Раиса Атамбаеваны, ошондой эле тарапташтарын унаага киргизбей коюшканын кошумчалады.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кой-Таш окуясы боюнча жыйында Атамбаевди күч менен сотко алып барышкан – ошол күнү ага тез жардам да чакырылган.
Элдос Казыбеков
Видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз