Бишкектин вице-мэри Ырсалиев мэрлердин кимиси сейил бактарды курууга уруксат бергенин депутаттарга жооп бере алган жок
Жыргалбек Ырсалиев бул уруксаттарды мурдагы мэрлердин кимиси бергенин тактап берүүнү убадалады
Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында тиешелүү комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Маткеримов борбор калаанын сейил бак аймактарына курулуш курууга Бишкек мэриясы тарабынан уруксат берилгендигин белгиледи.
«Борбордун парк аймактарында, ботаникалык бакчада үйлөр курулган, буга Бишкек мэриясы уруксат берген», - деп ачууланды Маткеримов. — Жыйынга вице-мэр катышууда. Мындай зоналардагы курулуштарга сиздин жеке мамилеңиз кандай? Кайсы мэрлердин тушунда уруксат кагаздары берилген? Алардын аттарын айткыла, адамдар алардын атын билишет.
Өз кезегинде вице-мэр Жыргалбек Ырсалиев сейил бактарга үй салууга каршы экенин билдирди.
«Жеке мен парк аймактарына үй салууга каршымын», - деп жооп берди Ырсалиев. -Мэрлердин уруксаты качан берилген, азыр билбейм. Мен бул кызматка жакында эле дайындалдым.
Парламентарий чабуулун улантып, эмне үчүн вице-мэр бул маалыматты тактабаганын сурады.
«Сейилбактардагы үйлөрдү курууга сиздин жеке мамилеңиз тууралуу бекер сураган жокмун», - деп айтканынан кайткан жок эл өкүлү. - Эгер каршы болсоңуз, анда эмне үчүн уруксат кагаздары берилгенин такташыңыз керек болчу. Ким чыгарган? Кайсы мэрлердин тушунда уруксат кагаздары берилген? Келечекте ботаникалык бактарда, парктарда курулуш токтойт деген кепилдик барбы?
Жооп катары вице-мэр Ырсалиев мэрлердин конкреттүү ысымдары боюнча депутаттарга кат жүзүндө жооп берүүнү убадалады.
«Уруксат кагаздары качан, кайсы мэрлердин тушунда болгонун билем», - деп ишендирди ал. Анан мен сага жазуу түрүндө жооп берем. Кепилдикке келсек, мэрия сейил бак аймактарында курулушка уруксат бербейт.
Ислам Жолдошов
сүрөт www