Алмазбек Атамбаев Октябрь окуясы боюнча кайрадан сотко жеткирилди (фото, видео)
Сот экс-президенттин жактоочусун судья Убайдулла Сатимкуловдун арызын канааттандырган жок
Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүнкү соттук отурумга кайрадан экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов чыгарылды.
Ал ортодо бир күн мурун Атамбаевдин жактоочусу судья Убайдулла Сатимкуловго каршы чыгып, бирок бүгүн баш тартуу чечими кабыл алынганын Vesti.kg сайтына Атамбаевдин өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев өзүн жакшы сезип калган. Бир күн мурун дагы тез жардам чакырган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко күч менен алынып келинген — экс-президент кар жааган аба ырайында бир футболка менен келген.
2020-жылдын октябрында Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев жана башка бир катар саясатчылар Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин уюштурушкан. Демонстрация учурунда абактан чыккан Садыр Жапаровдун тарапкерлери менен кагылышуу болгон.
Натыйжада жогоруда аты аталган саясатчыларга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg