Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы Сооронбай Жээнбековду Октябрь окуясы боюнча сотто суракка алууну талап кылууда
Экс-президенттин адвокаттары да Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевди сотко алып келүүнү талап кылышууда
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын бири Кантемир Турдалиев 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча экс-президент Сооронбай Жээнбековду суракка алууну соттон суранды.
Мындан тышкары, Атамбаевдин жактоочулары УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен ИИМдин мурдагы жетекчиси Кашкар Жунушалиевди мажбурлап алып келүүнү талап кылууда, алар азырынча кайда экени белгисиз.
Ал ортодо мамлекеттик айыптоо өтүнүч мөөнөтүнөн мурда берилгенин, бирок ал ачык калтырылганын белгиледи.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www