Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев суракка алынышы керек”. Темирлан Султанбековдун талабы

Мындан тышкары, Атамбаевдин жактоочусу Текебаев менен Бабановду суракка алууну суранды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча өтүп жаткан сот процессинде саясатчы Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди суракка алууну сунуштады.

Анын айтымында, Жапаров 2020-жылдын октябрында революция жасадым деп айткандыктан, сурак туура болмок.

Мындан тышкары Султанбеков президенттин бир тууганы Сабыр Жапаровду, ошондой эле БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жана Бишкектин экс-мэри Айбек Жунушалиевди сотко чакырууну суранды.

Ал арада Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановду суракка алууну сунуштады.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх