Эркинбек Каимов: Парламенттик радио Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин чечиминен кийин ишин улантат
ЖК аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси эмне үчүн азыр Жогорку Кеңештин радиосу иштебей жатканын түшүндүрдү
Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Парламент” радиосунун иши тууралуу маселе каралды.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов Vesti.kg сайтына берген маегинде тиешелүү комитеттин чечими чыккандан кийин парламенттик радио кайра иштей турганын түшүндүрдү.
«ЖКнын VI чакырылышынын мөөнөтү узартылганын билесиздер, бирок Жогорку Кеңештин радиосу менен түзүлгөн келишимдер узартылган жок», - деди Эркинбек Советбекович. «Ошондуктан радио берүүлөр иштебей калды. Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын май айына радиого 84 миң сом карыз болгон. Комитет жыйынында депутаттар парламенттик радионун зарылдыгын белгилешти. Ошондуктан, комитеттин тиешелүү чечимин күтүп жатабыз, андан кийин радио уктурууну баштайт.
Ислам Жолдошов
сүрөт www