Казакстан Кыргызстан менен чек арасына коюлган чектөөлөрдү алып салды
Чек аралар 11-апрелде ачылат
Казакстан 11-апрелден тарта чек аралардагы чектөөлөрдү алып салат. Бул тууралуу казакстандык Orda.kz интернет басылмасы жазып чыкты.
Ага ылайык, Казакстан, Орусия жана Өзбекстан менен чек арадагы өткөрүү пункттарында чектөөлөр алынат.
Кошумчалай кетсек, казак тарап өз чек арасын аба жолу менен өткөрүүгө чектөөнү алып салууну көздөөдө.
Бирок чек арада COVID-19 үчүн терс натыйжа берген ПЦР тестин же коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн толук курсун тастыктаган паспортту көрсөтүү зарыл.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз