­
КРнын ИИМ Ички аскерлеринде түрк жандармериясынын аскер өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМ Ички аскерлеринде түрк жандармериясынын аскер өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Коноктор КРнын ИИМ Ички аскерлеринин башчысынын м.а Дамир Алыбаев менен баарлашты

2021-жылдын 6-апрелинде ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Дамир Алыбаев менен Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин  коопсуздук жана ички иштери боюнча кеңешчиси жандармериянын полковниги Угур Эвжим жана  Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин  коопсуздук жана ички иштери боюнча кеңешчиси Мустафа Ырмак менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча жана ар бир тарапты кызыктырган башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар перспективдүү кызматташууларын мындар ары  дагы кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп өтүштү.
Жолугушуу жылуу достук абалда өттү.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх