Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгер Улан Ниязбековго атуулдарды аткыла деген буйрук берилгенде, ал муну аткармак эмес»

Эксперт кыргызстандыктардын көбү эмне үчүн күч түзүмдөрүн жактырбай жатканы тууралуу өз пикири менен бөлүштү

Кыргызстанда күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин эл жактырбайт, анткени алар өлкөнүн тарыхында президенттердин жакын санаалаштары болгон. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, отставкадагы полковник Токтогул Какчееев билдирди.

Тактоо үчүн Vesti.kgнин редакциясы сурамжылоо жүргүзгөн. Окурмандарга күч түзүмдөрүнүн кайсынысы аткарылган иштер үчүн мактоого болорун тандоо сунушталды. Добуш берүүнүн жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков добуштардын саны боюнча алдыда болду. Бирок сурамжылоонун аягында респонденттердин дээрлик жарымы “эч ким” деген вариантты тандашкан. Ошентсе да өлкөнүн башкы полиция кызматкери чоң айырма менен 31 пайыз добушка ээ болду. Кийинки кезекте УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болду. Бул вариантты сурамжылоого катышкан окурмандардын 13 пайызы тандаган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 3 пайыздык босогодон гана өтө алды. Ал эми коргоо министри үчүн респонденттердин 1,8 пайызы добуш берген.



Токтогул Какчекеевич белгилегендей, Улан Ниязбеков совет мектебинин абдан тажрыйбалуу милиционери болгондуктан, эл сыйлайт.

«Ал башка коопсуздук кызматкерлеринен абдан айырмаланып турат, сылык жана адептүү», - дейт эксперт. – Ниязбеков – “жерден чыккан адам”, түпкү жол менен кеткен. Эми министир болуп туруп карапайым эл менен да жолугуп атат. Эгер ага жарандарды аткыла деген буйрук берилген болсо, ал буга бармак эмес. Аны татыктуу эмес деп аз эле адамдар айта алат. Ал эми башка аткаминерлерди советтик стандарттар менен салыштыруу акарат. Капиталисттик бийлик жапайы жана айбандык. Азыр сен байсың, хандын чөбөрөсү экенсиң деген модага айланды. Ошон үчүн эл аларды жактырбайт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх