УКМК Next телеканалынын дагы бир журналистин массалык баш аламандыктарды уюштурган деп айыптоодо
Адилет Али Мыктыбек сегиз жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы журналисти, активист Адилет Али Мыктыбекти (Адилет Балтабай) массалык баш аламандыктарды уюштурган деп айыптады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына активист өзү билдирди.
Анын айтымында, бүгүн ал лингвистикалык экспертиза менен таанышып, анын 2021-жылдын февраль айынан бери социалдык тармактардагы жарыялоолорун изилдеп, анын посттору бийликти кулатууга чакырыктарды камтыйт деген жыйынтыкка келген.
- Мага КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесин көрсөтүштү, ага ылайык мен массалык баш аламандыкка чакырдым, - деп белгиледи Али Мыктыбек. - Алар лингвистикалык экспертиза жүргүзүп, менин басылмаларымда бийликти кулатууга чакырыктардын элементтери бар экенин көрсөтүштү. Алар мени коркуткусу келип жатат окшойт. Эмне үчүн аларга азыр гана айып тагылганы белгисиз. Жакында эле Next TV телеканалында штаттык эмес кызматкер болуп иштей баштадым. Мен эч качан тополоңго, бийликти кулатууга чакырган эмесмин, болгону бийликти сындагам. Экспертизанын корутундусуна макул эмесмин.
Анын үстүнө бүгүн журналист УКМКда эмес, Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында суракка алынат.
- Ишти УКМК жүргүзүп жатат, бирок эмнегедир мени Бишкектин Биринчи Май РИИБине суракка алууну чечишти, - деп түшүндүрдү Али Мыктыбек.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык, жарандар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.
Эске салсак, ушул жылдын 3-мартында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next телеканалына «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Буга Казакстандын УКМКсынын экс-жетекчиси Алнур Мусаевдин Instagram баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр имиш деген жарыясы себеп болгон.
Телеканалдын журналисттерин суракка чакыруу уланып, Next телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-майга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www