Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абсаттар Сыргабаев Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугуп, шаардын курч көйгөйлөрүн талкуулады

Облус жетекчиси кайрылуулардын аткарылышы жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи

Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.


 
Жолугушууда тургундар облус башчысына түрдүү маселелер боюнча жүздөн ашык суроолорду беришти. Абсаттар Сыргабаев бардык кайрылуулар боюнча, өзгөчө жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча маселелерди тез арада иргеп, чечүүнү тапшырды.


Тургундар Токтогул ГЭСинде жергиликтүү тургундарды жумушка алуу, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, жеке үй куруу үчүн жерлерди трансформациялоо, ичүүчү таза суу, жаңы имараттарды электр энергиясы менен камсыздоо, медициналык тейлөөнүн сапаты жана башка көптөгөн маселелерди көтөрүштү.


 
Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү бардык кайрылууларды эсепке алып, алардын аткарылышы жеке көзөмөлүндө болорун эскертти.
 
Ислам Жолдошов
Фото президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх