Кыргыз-тажик чек арасындагы абал азыртадан эле туруктуу
Баткен облусунун ИИБсы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы башка укук коргоо органдары менен биргеликте күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Учурда облустун бардык аймагында кырдаал көзөмөлдөнүп, көзөмөлгө алынууда.
Баткен жана Согди облустарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди районунун Б.Расулов айылдарында биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Борбордук, Жаштык, Арка-2 айылдарында жана Кулунда айыл аймагынын Максат айылында посттор орнотулуп, күнү-түнү күзөт уюштурулган. Милиция кызматкерлери чыр-чатакты жөнгө салуу максатында чек ара аймактарынын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Баткен ОИИБнин жол кайгуул кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иш алып барууда.
Учурда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Түн тынч жана окуясыз өттү, ыкчам абал туруктуу.
Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Боронов жеринде болуп, коомдук тартипти сактоо боюнча аймактык ички иштер органдарынын бардык аракеттерин координациялоодо.
КРнын ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www