Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек ара чатагы. Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү түн ичинде эмнени макулдашты?

Бүгүн окуя болгон жерде КР менен ТРнын делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу болот

13-апрелге карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.

Түнкүсүн саат 03:00дөн 03:55ке чейин «Кулунду-автожол» (КР) менен «Овчи-Калача» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу болду.  Жыйынга Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар макулдашышты:

- туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдүн жана каражаттардын чыгарылышын контролдоо боюнча. Кошумча өздүк курамды жана аскердик техниканы жана курал-жарактарды чыгаруу ушул чечим кабыл алынгандан кийин 12-апрелден баштап биринчи мүнөттөрдө башталган;

- бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкан айылында окуя болгон жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусун өткөрүү жөнүндө.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү кызматтын күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалга КР УКМКнын Чек ара кызматы көзөмөл жүргүзүүдө.

КР УКМКнын басма сөз кызматы

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх