Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Култаева Кыргызстандын жүк ташуусу ЕАЭБдин бирдиктүү салмак-габариттик параметрлерине туура келбейт деп эсептейт

Транспорт министринин биринчи орун басары бул маалыматты четке какты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл департаментинин ишмердүүлүгү каралууда.

Депутат Гүлшаркан Култаева Кыргызстандын жүк ташуучулары ЕАЭБде жүк ташуучу унаалардын бирдиктүү салмак жана габариттик параметрлерге туура келбегендигинен улам чек арада кармалып жатат деп эсептейт.

«ЕАЭБдин аймагында бирдей салмактуулук жана габариттик параметрлер болушу керек», - деди Култаева. - Биздин жүк ташуучулардын салмактык талаптары дал келбегендиктен алар коңшу мамлекеттин чек арасынан кармалып турат. Эмне үчүн бул жүк ташуучу унаалар талапка жооп бербегендиктен республиканын ичинде кармалган эмес? Айдоочулардын чыгымы жана түйшүгү аз болмок.

Өз кезегинде Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев Кыргызстандан жүк ташыган унаалар салмагы жана габариттик параметрлери дал келбегендиктен кармалып жатат деген версияны четке какты.

«Ушул убакка чейин Кыргызстандан жүк ташыган жүктүн салмагы жана өлчөмүнөн улам кармалган бир дагы учур болгон эмес», - деп жооп кайтарды Турганбаев. – Бажы документтеринин туура эмес толтурулуусунан улам транспорттун кечигиши.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх