Кыргызстандыктар Орусияга аба каттамы аркылуу гана кире алышат
Белгиленгендей, Орусия Федерациясынын аймагынан автоунаа өткөрүү пункттары аркылуу гана чыгууга уруксат берилет
Кыргызстандыктар Орусияга кургактагы көзөмөл өткөрүү пункттары аркылуу кире албайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүк Орусиядан автоунаа өткөрүү пункттары аркылуу гана чыгууга уруксат берилгенин белгиледи. Коронавирустун жайылышы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кургактагы өткөрүү пункттары аркылуу кирүүгө коюлган чектөөлөр алынган жок.
Элчилик мекендештерден Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө аба аркылуу гана уруксат берилээрин эске алууну өтүнөт.
Эске салсак, 11-апрелден тарта Казакстанга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасындагы кургактагы өткөрүү пункттары аркылуу чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чексиз кирүүгө уруксат берилген.
Сүрөт www