Депутат Кадырбеков: Кыргызстандыктар Казакстан менен чек арада жасалма тыгындарды жаратып жатышат
«Жигиттер ошол жакка барып, айдоочуларды 3000 сомдон өткөрөбүз деп убада беришет»
Казакстан менен чек араны ачкандан кийин кыргыз тарап жасалма тыгындарды жаратууда. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков парламент жыйынында билдирди.
«Баягы күнү Казакстан чек арасын ачты», - деди ал. — Мага кыргыз тарап өзү жасалма тыгындарды жаратып жатканын айтышкан. Айдоочуларды 3000 сомдон өткөрөбүз деп жүргөн жигиттер да бар. Бул маалымат чек арадан өтө албай кыйналган жарандардан келип жатат. Бажы кызматкерлерин, чек арачыларды текшерип, шылуундарды жазалаш керек.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз