Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунда чек арачылар дөңгөлөктөрүнө ок атылган контрабандистти токтотушту

Айдоочу абадагы эскертүүлөргө жооп берген эмес

Бир күн мурун, 20-апрелде Баткен чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүнү токтотушкан.

КР УКМКнын чек ара тозотунун кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Орук-Зар тилкесинде кызматтын жүрүшүндө «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа табылган.

Чек арачыларды көргөн айдоочу аскер кызматкерлеринин токтотуу талабына көңүл бурбай качып кетүүгө аракет кылган. Унааны токтотуу үчүн чек арачылар курал колдонуп, асманга 2 жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.

Бирок унаа токтобой, андан соң чек арачылар жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнө эки жолу ок чыгарган. Айдоочу унааны токтотту. Чек ара кызматы унааны текшерүү учурунда азык-түлүк: 500 кг. жаңгак, 560 кг. Навата, 1620 даана. суусундуктар (жаңы кола), 10 кг. джем. Жүктүн жалпы салмагы 1500 кг ашык болгон.

Окуянын чоо-жайын тактоодо, кармалган айдоочу 1989-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны У.К.аттуу жараны  болуп чыккан.
Айдоочу андан ары сатуу үчүн Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө жүк алып өтүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда айдоочуда товарга тиешелүү документтери жок болгон.
УКМК ПС
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх