АКШнын Кыргызстандагы элчилиги: Болот Темиров сыяктуу көз карандысыз журналисттерди даңазалоо керек
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги: Болот Темиров сыяктуу көз карандысыз журналисттерди даңазалоо керек
Американын дипломатиялык миссиясы журналистке каршы козголгон кылмыш иштерине реакция жасады
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги баракчасына акыркы учурда бир катар кылмыш иштери козголгон журналист Болот Темировду даңазалоого чакырган билдирүү жарыялады.
«Сөз эркиндигине болгон укук – бул адамдын укугу. Кылмыш иши эч качан эркин маалымат каражаттарын коркутуу же басуу үчүн колдонулбашы керек. Болот Темировго окшогон эркин журналисттердин оозун жабуу эмес, даңазалоо керек.
Болот Темиров өзү козголгон кылмыш иштерин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын утуп алган тендерлери боюнча журналисттик иликтөө менен байланыштырууда.
сүрөт www