Депутат кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү сунуштады
Жогорку Кеңештин вице-спикери Чыңгыз Ажыбаевдин сунушун карайт
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев кыргыз-тажик чек ара чатагынын бир жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү сунуштады.
Анын айтымында, кандуу окуялар Кыргызстанга чоң зыян келтирген.
«Баткенде 30дан ашык адам каза болуп, 50гө жакыны жаракат алган. Баткен окуясынын мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү зарыл”, - дейт эл өкүлү.
Ал ортодо парламенттин вице-спикери Улан Примов кесиптешинин сунушун кароого убада берди.
Эске салсак, 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында ири жаңжал чыккан. Андан соң тажик аскерлери армия бөлүктөрү менен бирге оор техникаларды тарта башташты. Кагылышуулардын натыйжасында 183 кыргызстандык жабыркап, Кыргыз Республикасынын 36 жараны, анын ичинде жаш балдар каза болгон.
Кийинчерээк Башкы прокуратура Тажикстандын аракетин “аскердик баскынчылык” деп атап, сотко чейинки териштирүүнү баштаган.
Элдос Казыбеков
Фото www