Александр Волкодав: Министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн 100 миң сом менен карызымдын бир бөлүгүн жабам
Орусиялык "Голос" шоусунун жеңүүчүсү расмий өкүлдөрдүн артисттерге жана маданиятка көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди
Кыргызстандык ырчы, орусиялык “Голос” ыр шоусунун жеңүүчүсү Александр Волкодавга министрлер кабинетинин резервдик фондунан 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аткаруучу өзү билдирди.
Анын айтымында, «Голоско» катышып жүргөндө эч кандай иштебеген, бирок Москвада учакка, жатаканага көп короткондуктан министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн 100 миң карызды жабууга кетет.
- 100 миң сом бөлүү чечимин министрлер кабинети өзү кабыл алган, - деп түшүндүрдү Волкодав. - Жарым жылдан ашык убакыттан бери Москвага өз каражатым менен учуп келдим. Министрлер кабинети менен Маданият министрлиги мени колдоону чечкени жакшы болду. Чынын айтсам карыз алдым, бөлүнгөн акча айрымдарын жабат.
Эске салсак, кыргызстандык ырчы Александр Волкодав орусиялык "Голос" вокалдык шоусунда 53,3 пайыз добуш менен жеңүүчү аталды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www