Кайрат Примбердиевдин менеджери: Ал жөн эле тамашалап, Илон Маскка Кыргызстанды сатып алууну сунуштап жаткан
Эльвира Примбердиева бул тамаша ырчынын жеке позициясын чагылдырбайт деп ишендирди
Белгилүү ата мекендик ырчы Кайрат Примбердиев Твиттерде Илон Маскка Кыргызстанды сатып алуу сунушу менен пост жазды. Социалдык тармактарда бул кызуу талкууну жаратып, терс пикирлерди жаратты.
Кайрат Примбердиевдин менеджери, жубайы Эльвира Примбердиева Vesti.kg сайтына берген маегинде күйөөсү жөн эле тамашалап жатканын түшүндүрдү.
Примбердиева: «Илон Маск Твиттерди сатып алганда, көбү тамаша иретинде өз өлкөлөрүн сатып алууну сунушташкан», - деп эскерет Примбердиева. Кайрат да тамашалап жазыптыр. Бул билдирүү анын жеке позициясын чагылдырбайт. Бул жерде эч кандай саясий мотив жок. Ал эч нерсеге чакырбайт. Тамашалоого мыйзам тыюу салбайт.
Ислам Жолдошов
сүрөт www