Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бишкек санитардык полигондун" мурдагы директору кармалды. Ал изоляторго киргизилген

Кошумчалай кетсек, прокуратура экс-мэр Албек Ибраимовго сыртынан айып таккан

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын санитардык полигонунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышты жасоого шектелип, «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалган. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле борбор калаанын мурдагы мэринин жүргөн жери такталбаганына байланыштуу И.А.С. жана долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М.га сыртынан айып тагылган.

Прокуратура тарабынан бардык тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх