Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптештирүү боюнча ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Ал «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик персонификация боюнча борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бакыт Төрөбаев санариптештирүү, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун алкагында жаңы мамлекеттик кызматтарды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ага карай калктын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал көчмө жыйындын алкагында Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Ведомствонун милдеттерине төмөнкүлөр: мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле менчик формасынан көзкарандысыз түрдө юридикалык жана физикалык жактар тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгууну өлкөнүн жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына шайкеш келүүсүн көзөмөлдөөнү камсыздоо, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасындагы жеке маалыматтарды коргоого байланыштуу абал жөнүндө калкты маалымат менен камсыз кылуу кирет.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх