Орусия Кыргызстандын жарандары үчүн чек арадан өтүүдө санитардык чектөөлөрдү алып салды
Мындай чечим орус өкмөтүнүн коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча штабынын жыйынынан кийин кабыл алынды
Орусия Кыргызстандын жарандары үчүн чек арадан өтүүдө санитардык чектөөлөрдү алып салды. Чектөөлөрдү алып салуу чечими Россия өкмөтүнүн коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча штабынын жыйынынан кийин кабыл алынды.
Бул тууралуу маалымат орус өкмөтүнүн расмий сайтында пайда болду.
«Тилекке каршы, биз май майрамдарынан кийин гана бул маселе боюнча так маалымат бере алабыз», — деп билдирди Vesti.kg сайтына Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз