­
Дүйнөнүн канча өлкөлөрү кыргызстандыктар үчүн мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүгү бар - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөнүн канча өлкөлөрү кыргызстандыктар үчүн мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүгү бар

Кыргызстанда 120 жеке ишке орноштуруу агенттиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт

Кыргызстанда 120 жеке ишке орноштуруу агенттиги дүйнөнүн 21 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. ЖТБнын ишмердүүлүгүнө мониторинг Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан жүзөгө ашырылат. Жыл башынан бери 59 уруксат кагазы берилип, бюджетке 236 миң сом түшкөн.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ошондой эле жарандарга тышкы миграция жана өлкөдөн тышкары, тактап айтканда Россия, Улуу Британия жана Түштүк Кореяда ишке орношуу маселелери боюнча түз жардам көрсөтөт. Германия, Япония, Финляндия жана башка бир катар елкелер менен келишимди иштеп чыгуу стадиясында. Башка өлкөлөрдө жеке структуралар жумуш менен алектенет.

Борбордон кыргызстандыктар жашаган өлкөсү, жергиликтүү мыйзамдары, эмгек келишимдери, иш берүүчү тарабынан өз милдеттерин аткарбагандыгы, миграциялык каттоо, Кыргызстанга кайтуу тууралуу күбөлүк алуу ж.б.у.с.

КТГРда “Тез линия – 1899” телефону, ошондой эле ишке орноштуруу жана адам сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча маалымат берүүчү расмий www.migrant.kg сайты иштейт.

ЭСӨМ маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх