Темирлан Султанбеков Луис Аяладан Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн 600 миллион доллардын сарпталышын иликтөөнү өтүндү
Кошумчалай кетсек, “Социал-демократтар” 2021-жылы Тажикстандын аскердик кылмыштарын иликтөөнү талап кылышууда
Социал-демократтар партиясы Социнтерндин башкы катчысы Луис Аяладан Кыргызстанга COVID-19 пандемиясы башталгандан кийин бөлүнгөн 600 миллион доллар насыя каражаты кандай сарпталганы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү суранды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясий бирикмеден билдиришти.
“Социал-демократтар” фракциясынын лидери Темирлан Султанбеков эпидемиологиялык оор абалды жана эпидемиядан улам каза болгондордун саны көп болгонун эске салды.
«Эбегейсиз зор каржылык колдоого карабастан, Кыргызстанда киши башына өлүмдүн көрсөткүчү эң жогору болгон, бир дагы оорукана курулган эмес, дары-дармектер кымбат жана тартыш болгон. Бул 600 миллион доллардан Кыргызстандын эли бир тыйын да пайда көрбөй калгандан кийин, Кыргызстандын элине оор карызды жүктөө адилетсиздик. Аудиттин жыйынтыгы менен кулатылган өкмөттүн өкүлдөрүнүн чет элдик эсептерине санкция салуу менен бардык каражаттар Дүйнөлүк банкка кайтарылышы мүмкүн», - деди Султанбеков.
Кошумчалай кетсек, Луис Аяла кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги атышуудан кийин Кыргызстандын аймагында тополоң чыгарган Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аскердик кылмыштарын иликтөөнү өтүнгөн.
«Биз 2021-жылдын май айында 40 жайкын тургун, анын ичинде балдар окко учкан Тажикстандын согуш кылмыштарын иликтөө үчүн БУУда биринчи категориядагы уюмга ээ болгон Социнтернден таасирин колдонууну суранганбыз. », - деп жыйынтыктады Султанбеков.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www