Бишкектеги "Өлбөс полктун" уюштуруучулары катышуучуларды кортежден саясий акция өткөрбөөнү суранат
Жүрүш учурунда координаторлор тигил же бул аскерий күчкө таандык экенин көрсөткөн желектерден жана символдордон баш тартууга чакырышты
“Өлбөс полк” акциясынын уюштуруучулары 9-майда жөө жүрүшкө чыккандарды Жеңишти эскерүү акциясы саясий акцияга айланып кетпеши үчүн айрым аскер күчтөрүнүн желектерин жана символикасын колдонбоону суранышты.
«Биз «Өлбөс полкту» кайрадан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көптөн бери күтүп жатабыз», — деп комментарий беришти Vesti.kg сайтына алдыдагы иш-чаранын координаторлору. -Ошондуктан, жүрүшкө чыга турган бардык катышуучуларга кайрылабыз: жүрүштөн тышкары саясий акция уюштурбагыла. Биздин «Өлбөс полкубуз» саясатка байланыштуу эмес — бул Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы ар улуттун өкүлдөрүнүн фронттогу жоокерлеринин өлбөс-өчпөс эрдигин эскерүү.
Михаил Готфрид
Сүрөт www