Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иш берүүчү сизди жумуштан негизсиз токтотсо, канча төлөйт

КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин түшүндүрмөсү

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексинин талаптарын, эмгекти коргоо боюнча эрежелерди жана нормаларды аткарбоо кандай жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн экенин айтып берди.

Эмгекти коргоо боюнча ченемдерди жана эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 87-беренесинде каралган.

Медициналык корутунду боюнча сунуш кылынган иши ден соолукка зыяндуу деп табылган адам менен эмгек келишимин түзүү жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Айрым категориядагы адамдарды түнкү жумушка, ашыкча жумушка же дем алыш күндөрү ишке тартуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.

Айрым категориядагы адамдарды оор жумуштарга, эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга тартуунун эрежелерин бузгандыгы үчүн жеке адамдарга 55 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.

Жумуш берүүчү тарабынан кызматкерлердин дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эмгекти коргоо боюнча техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуучу каражаттарды жана технологияларды киргизүү боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы , жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Жарандарды жумуштан негизсиз бошотуу жеке адамдарга 30 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

ЭСӨМдун басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх