Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиевдин уулу Барселонанын жаштар командасына кошулду

Эмир-Хан Кыдыршаев буга чейин Испаниянын Леванте клубунда сынактан өткөн

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан Кыдыршаевдин “Барселона” футболдук клубунун жаштар курамасында ойной баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Кыргызстандык футболчунун дүйнөлүк абройлуу футбол клубунда болушу республикада футбол салттарын жайылтууга жана өркүндөтүүгө жардам берери белгиленген.


Буга чейин Кыдыршаев 2019-жылы Италиянын Паоло Росси футбол академиясына тапшырган. Учурда Испанияда жашоону пландап жатат. Ага чейин ал Леванте клубунда текшерүүдөн өткөн.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх