Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Кыргызстан” партиясынын талапкеринен 550 миң доллар алган БШКнын экс-мүчөсү Акылбек Эшимовду сот актады

Судья Эмилбек Кайыпов Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсүнүн аракетинде кылмыш иши жок деп тапты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимовду кылмыштын курамы жок деп актады. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Эшимов мурда козголгон «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөсүз деп табылган. Судья Эмилбек Кайыпов актоо өкүмүн чыгарды.

Эске салсак, Акылбек Эшимов 2021-жылдын сентябрында “Кыргызстан” партиясынын талапкери Акуналы Досалиевди Жогорку Кеңешке шайлоодо бул партиядан депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине киргизгени үчүн 550 миң доллар алган деген шек менен кармалган.

Жыйынтыгында Эшимов келишимдин шарттарын аткарбай, Досалиевге 300 миң долларды кайтарып берген, ал эми 250 миң долларды жеп алган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх