Президенттин басма сөз катчысы Алексей Ширшовдун иши боюнча түшүндүрмө берди
Эрбол Султанбаев Максим Бакиевдин мурдагы жакын адамына карата өкүм айыппулга алмаштырылганын, андан кийин ага карата башка иш козголгон эмес деп түшүндүрдү
Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” берген маегинде президент Садыр Жапаровду анын айланасындагылар адаштырышы мүмкүн деп билдирди. Көзөмөл органынын мурдагы жетекчиси «Дастан» ААКнын экс-жетекчиси Алексей Ширшовго карата кылмыш иштери козголуп, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен соттолгондугун баса белгиледи.
Эске сала кетсек, буга чейин мамлекет башчы укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, Ширшов издөөдө жок экенин билдирген.
Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге кайрылды.
«Чынында эле Алексей Ширшовго карата кылмыш иштери козголгон», - деди президенттин басма сөз катчысы. - Бирок 2015-2019-жылдары айрым кылмыш иштери боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталып, биринде күнөөлүү деп табылган. Ал үч жылга кесилген, бирок кийинчерээк жаза айып пулга алмаштырылган. 2021-жылы ага издөө жарыяланган эмес, башка кылмыш иши козголгон эмес. Буга байланыштуу аны Садыр Жапаров кабыл алды.
Ислам Жолдошов
фото www
Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/99722-press-sekretar-prezidenta-dal-razyasneniya-po-delu-alekseya-shirshova.html - Пресс-секретарь президента дал разъяснения по делу Алексея Ширшова - VESTI.KG - Новости Кыргызстана