Садыр Жапаров Мырза-Аке мектеп-интернатына 1 миллион сом берди
Эске салсак, футболдук мелдеш аяктагандан кийин президент каражатты кайрымдуулукка жумшай турганын билдирген
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом берди.
Эске салсак, Бишкек шаарында 4-5-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» достук мелдешинде Президенттин Администрациясы командасы жеңишке жетишкен. Мамлекет башчысы ошол учурда турнирдин байге фонду кайрымдуулук максатына багытталарын жарыялаган.
Маалымат үчүн: Жатак мектептин имараты 1988-жылы курулган, анын сыйымдуулугу 200 орундуу. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу билим алууда.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www