Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев «Интергласс» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Председателинин орун басары автоматташтырылган жана робот-конвейердик линиялардын иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев лист жана ок өтпөс айнек, күзгү кездеме, курулуш триплексин чыгарган «Интергласс» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Төрөбаев ламинатталган айнек чыгарууну ишке киргизген автоматташтырылган жана роботташтырылган конвейердик линиялар менен таанышканы, көп катмарлуу продукциянын «ок өтпөс» форматтагы варианттары менен таанышканы такталды.

Белгилей кетсек, учурда ишкананын алдында экспорттук потенциалды кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүш линияларын модернизациялоо милдети турат.

«Экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн алкагында чыгашаларды олуттуу кыскартууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүгө мүмкүндүк берүүчү акыркы санариптик технологияларды өндүрүшкө киргизүү жана колдонуу алдыга коюлган милдеттер. «Интергласс» заводу айнек тармагынын флагманы катары өндүрүшкө жаңы жана креативдүү чечимдерди киргизүү боюнча белгиленген темпти сактап кала алат деп айтууга толук негиз бар», - деп баса белгиледи Бакыт Төрөбаев.

«Интергласс» заводунун башкы директору Жеңишбек Жаныбеков ишкананын продукциясына суроо-талап дайыма жогору экенин билдирди.

«Биз продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана жаңы рынокторду издөө боюнча ишти улантабыз. Биздин продукциялар бардык эл аралык стандарттарга, анын ичинде материалдык бекемдик стандарттарына жооп берет», - деди ал.

Белгилей кетсек, заводдун продукциясы ички рынокто жана коңшу мамлекеттерге, атап айтканда, Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына сатылат.

2022-жылдын 14-июнунда ишкана өзүнүн мааракесин белгилейт - Interglass заводунун түзүлгөнүнө 20 жыл.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх