Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун Орусиядагы иш сапары аяктады. Ал Москвадан Абу-Дабиге учуп келген

Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясына катышкан Кыргызстандын аскер кызматкерлери сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын борбору Москвага иш сапары аяктады.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган ЖККУнун мааракелик жыйынына Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышты.

Өлкө лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун абалын, ЖККУнун азыркы реалдуулуктагы ролун жана ордун, ошондой эле кризиске каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүнө, ошондой эле «ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» ЖККУ ЖККнын чечимине кол коюлду.

Сыйлангандардын арасында Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун контингентинин курамында тынчтыкты сактоо миссиясын аткарган Кыргызстандын бир катар аскер кызматкерлери бар.

Президент Садыр Жапаров саммит аянтчасында тет-а-тет форматында  Россиянын Президенти Владимир  Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Мамлекет башчысы иш сапары аяктаган соң бүгүн, 17-майда, БАЭ Президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахаяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн Москвадан Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх