Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов: Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө газдалган суудан арзан болушу мүмкүн эмес

Кыргызстандагы өлүмдүн негизги себептери аталды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ден соолук үчүн салык салуу потенциалын жогорулатуу боюнча семинарга катышты.

Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында өлүмдүн негизги себептери болуп жугуштуу эмес оорулардын катарына кирген жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, цирроз жана өпкө оорулары экендиги айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, бул дарт тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин жана тузду колдонуу, кыймылсыздык, ашыкча салмак жана семирүү, туура эмес тамактануу менен шартталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен тамекилердин баасы эң төмөн экенин белгиледи.

«Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө кока-коладан арзан болушу мүмкүн эмес. Бул калктын саламаттыгынын начарлашына гана алып келбестен, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болуп жатат», - деп баса белгилеген Эдил Байсалов, бул маселеге болгон кызыгуу өз убагында жана мамлекеттик социалдык саясатка жооп берип жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова жугуштуу эмес оорулардын жайылышын алдын алуу чараларынын комплексинин экономикалык пайдасы,  узак мөөнөттүү келечекте аларды ишке ашырууга кеткен чыгымдардан бир нече эсе жогору.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун болжолдоолору боюнча, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасынын 15%га өсүшү аларды керектөөнүн көлөмүн 22%га кыскартып, кошумча 52 млн доллар акциздик салыктын түшүүсүн шарттайт.

Ошондуктан, адамдын ден соолугунун кызыкчылыгында салык салуу жугуштуу эмес ооруларды азайтуунун эффективдүү чарасы гана эмес, экономикалык жактан да үнөмдүү боло алат.

Белгилей кетсек, семинар эки күн бою өтүп, анын жыйынтыгында ден соолук үчүн салык салуу тармагындагы потенциалды жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сунуштар иштелип чыгат.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх