Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги тарых музейиндеги өрттөн жүздөгөн экспонаттар күйүп, бирок бийлик аны жаап-жашырды. Kloop иликтөөсү жана OCCRP

"Беш жыл бою дээрлик эч ким, анын ичинде кызматкерлердин көбү ичинде эмне болуп жатканын билген эмес"

2016-жылы Бишкектеги тарыхый музейде өрт чыккандан кийин, музей жетекчилиги баалуу эмес бир канча гана экспонат күйүп кеткенин билдирген. «Клооп» менен OCCRP’нин биринчи иликтөөсүндө өрттөн жабыркаган ондогон экспонаттар ачыкталган. А чындыгында журналисттерге тийген жаңы документтерге ылайык, алардын саны жүздөп саналат.

Кыргызстандын Улуттук тарыхый музейи жылдар бою Бишкек шаарынын маданий очогу болуп келген. Совет модернизми мезгилинде курулган имаратта улуттук баш кийимдерден тартып 19-кылымга таандык килемдер жана Лениндин сейрек кездешкен плакаттары коюлган эле. Бирок 2016-жылы музей реконструкция үчүн жабылган.

Дээрлик беш жылга жакын кызматкерлердин көпчүлүгү музейде эмне болуп жатканын дээрлик билишкен эмес.

Бир канча таң калыштуу окуялар оңдоп-түзөө иштеринде маселе жаралганын туюнтуп жатты. Алгач музейде өрт чыгып, анын себебин өрт коюлган деп аташты. Андан кийин өкмөт ойдо жок жерден музейдин коллекциясына кирген уникалдуу мумияны жерге берүү чечимин кабыл алды. Ал эми 2020-жылы сот мурдагы премьер-министрди оңдоо иштеринде бюджеттик каражатты ыксыз коротууга күнөөлүү деп тапкан.

2021-жылдын майында OCCRP жана «Клооп» өкмөт менен музейдин жетекчилиги өрт учурда музейдин негизги фондуна караштуу кеминде 18 тарыхый килемдин өрттөнүп кеткенин жаап-жашырууга аракет кылышканы тууралуу иликтөө жарыялаган. Ошол кезде бийлик журналисттик иликтөөгө көңүл деле бурган эмес жана бир канча айдан кийин көрүүчүлөр үчүн музейдин эшигин ачкан.

Жакында эле оңдолгон музейдин көрүнүшү Сүрөт: Азат Рузиев / Клооп

Ошол учурда башка дагы кандай экпонаттар жабыркаган деген суроо жоопсуз калат деген ой жаралган.

Бирок «Клооп» менен OCCRP өрттүн кесепети айтылгандан алда канча олуттуу экенин тастыктаган маалыматтарга ээ болушту.

Журналисттердин колуна маданият министрлигинин дарегине делген эки кат тийген. Анда музейдин кызматкерлери 2021-жылы музейдин жертөлөсүн тазалап жатышып «музейлик маанидеги жарым-жартылай жана толук күйүп кеткен буюмдардын жүздөгөн калдыктарын» таап алышкан.

«Музейдин жертөлөсүнөн жети коробка күйгөн музей буюмдарын таптык», — деп айтылат кызматкерлер кол койгон актылардын биринде. «Аларды ачкан кезде негизги жана көмөкчү фонддордун номурлары бар экспонаттарды таптык. Документтер, сүрөттөр, китептер, плакаттар, килемдер болгон. Алардын баары күйгөн экен, ал эми күйүк жерлерин кыркып салышкан».
​​Өрттүн кесепетинен олуттуу жабыркаган салттык кыргыз килеми.
Сүрөттү музейдин иши менен ичинен тааныш болгон маалымат булагыбыз берди


Өрттүн кесепетинен олуттуу жабыркаган салттык кыргыз килеми.

Катта көрсөтүлгөндөй экспонаттар табылгандан кийин музей жетекчилиги өрттөн жабыркаган буюмдардын тизмесин түзгөн курам менен атайын комиссия түзгөн. Буюмдардын тизмеси катка да тиркелген. Ага ылайык, атайын сандар менен белигенген 350 экспонат жабыркаган же толугу менен күйүп кеткен. Андан сырткары өрттөн дагы башка 600 буюм жабыркаган.

Жоголгон экспонаттардын көбү совет дооруна, анын ичинде революциянын алгачкы мезгилине таандык, бирок арасында 19-кылымга тиешелүү да китептер болгон.

Каттар менен таанышып чыккандан соң жабыркаган экспонаттар атайлап жашырылганбы деген суроо жаралат?

Журналисттер музейдин ишмермердүүлүгү менен жакындан тааныш болгон булактан документтерди алышкан. Ал андан аркы иликтөөгө тоскоолдук жаралбашы үчүн аты-жөнүн сыр бойдон калтырууну каалады.


Белгилүү саясий ишмер Курманжан датканын сүрөтү түшүрүлгөн килем жарым-жартылай өрттөнгөн.
Сүрөттү музейдин иши менен ичинен тааныш болгон маалымат булак берди


Өздүк булак музей жетекчилиги чындыкты жылдар бою жашырып келгенин айтты. «2016-жылдан бери [мурдагы жетекчилик] беш жыл боюу баары жакшы деп калп айтып келди. Анан эле жетекчилик туура эмес маалымат бергенин билип калдык», — деп айтып берди ал.

Анын айтымында, маданият министрлиги жабыркаган экспонаттар жөнүндө кабардар. Бирок министрлик бул тууралуу расмий маалыматты эч жакка берген эмес.

Өрт чыккан учурда музейди жетектеп турган Анаракүл Исиралиева азыр музейдин директору эмес, бирок дагы деле ошол жакта иштейт. Ал бизге комментарий берүүнү каалаган жок.

Журналисттер музейдин администрациясында иштеген бир канча адам менен байланыгууга аракет кылышкан, бирок алар иликтөө чыгаар алдында маалымат берүүгө үлгүрүшкөн эмес, же комментарий берүүдөн баш тартышкан. Маданият министрлиги да маалымат берген жок.
Музей кызматкери күйүп кеткен артефактты көрсөтүп берип жатат

Сүрөттү музейдин иши менен ичинен тааныш болгон маалымат булагыбыз берди
Укмуш табылгалар

Каттарда жана алардын сунуштарында жабыркаган экспонаттар кандайча табылганы түшүндүрүлөт. Аларды музейдин кызматкерлери имараттын жертөлөсүн жыйнап жатып таап алышкан.

Өздүк булак мында учурда музейдин директорунун милдетин аткарып жаткан Гүлбара Абдыкалыкованын эмнеги бар дейт. «Ал ырааты менен [жер төлөөнү жыйнаштырганга] жетише алды. Жыйынтыгында буга чейинки жетекчилик жашырып келген нерсени тапты», — деди өздүк булак.

Кызматкерлер жабык турган бөлмөдөн 900гө жакын күйгөн же чала күйгөн буюмдарды табышкан. Алардын 350гө жакынынын каттоо номери болгон. Демек, буюмдар музей коллекциясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Дагы башка буюмдардын көпчүлүк бөлүгү да музейдин экспонаттары болушу мүмкүн. Бирок алар талаптагыдай белгиленген эмес — идентификациялык номерлери күйүп кеткен же аларды кыркып салышкан же болбосо ал таптакыр эле болгон эмес. Ошондуктан азырынча тарыхый баалуу деп аныктоого мүмкүн эмес.

«Болжолдуу эсептөөгө ылайык, буюмдар музейдин негизги, көмөкчү маалымдама, мемориалдык жана белек фонддоруна кирет», — деп айтылат документтердин биринде.

Жабыркаган 350 буюмдун арасында идентификациялык коду көрсөтүлгөн 4 килем, 300гө жакын сүрөт жана документ, 40 тарыхый плакат жана афишалар бар. Калгандары — китептер, журналдар жана документтер. Ошондой эле 4 кыргыздын улуттук килеми — шырдактар бар. Журналисттер алардын баалуулугун аныктай алышкан жок.
Музейдин мемориалдык фондуна кирген сүрөттөр жарым-жартылай өрттөнгөн

Сүрөттү музейдин иши менен ичинен тааныш болгон маалымат булагыбыз берди

Карама-каршы билдирүүлөр


Өкмөттөн да музейдин администрациясынан да 2016-жылдын 22-июлунда түнкүсүн өрт чыкканда музейде чындыгында эмне болгону тууралуу суроого жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Кырсыктан кийин дароо эле Кыргызстандын өкмөтү маалыматтык-релиз берип, бир дагы экспонат жабыркабаганын билдирген. Бийликтин айткан версиясына ылайык, өрт конференциялык залдын жанындагы анча баалуу эмес буюмдар сакталган кампадан чыккан.

Бирок, андан бир канча күн өткөндөн кийин Исиралиева ошол кездеги директор жергиликтүү гезитке бир экспонат жабыркаганын айткан: ал эсептен чыгарыла турган эски боз үй деп белгилеген. Исиралиеванын айтымында, калган экспонаттар реконструкцияга чейин эле жашыруун бөлмөгө алып келинип, сакталып турган.

Беш жыл бою экспонаттар бүтүн жана түгөл сакталып калган деген расмий версия чындыктай сезилген. Бирок 2020-жылдын декабрында OCCRP жана «Клооп» музейдин ички документтерин алып, анда бир гана боз үй эмес, негизги фондго кирген 18 килем күйүп, дагы бир нече кийиз буюмдар олутуу зыянга учураганын аныктады.

Ошол эле документтерге ылайык, өрттөн кийин экспонаттардын сакталышын баалоо үчүн чогулган ведомстволор аралык комиссия жабыркаган объектилер эскирип, иш жүзүндө эч кандай баалуулукка ээ эмес деген бүтүм чыгарган.

OCCRP жана «Клооп» маданият министрлигине комментарий алуу максатында кайрылганда, расмий тараптар ошол эле версияны айтышкан: зыян тарткан буюмдар өтө эле эскилиги жетип, ал эми айрымдарын 1990-жылы эле эсептен чыгаруу керектиги аныкталган. Оңдоо иштеринен улам музей расмий инвентаризация өткөрө албагандыктан, буюмдар эсептен чыгарылган эмес.

Комиссиянын документинде өрт 24 гана эски буюмду жок кылган деп көрсөтүлгөн, анын ичинде 5 килем тууралуу да айтылган. Мындан тышкары, документтерде 350 экспонат жабыркаганы же жок кылынганы тууралуу маалымат камтылган эмес болуп чыкты.

Азырынча, 5 килем негизги фондго кирген 18 килемдин бир бөлүгү болуп саналабы же жокпу түшүнүксүз.

Ошол эле учурда жогорудагы версия туура эмес деген да күмөн саноолор бар. Анткени OCCRP жана «Клооп» тарабынан 2020-2021-жылдары суралган музейдин бир нече кызматкерлеринин айтымында, килемдер баалуу болушкан жана алардын абалы да жакшы болчу. Анткен сырткары, кызматкерлер аларды эсептен чыгаруу маселеси да каралбаганын кошумчалашты.

Журналисттер ошондой эле министрликтин билдирүүлөрүнө каршы келген документтерди алышкан: 2013-жылы музей инвентаризациядан толук өткөн. Тактап айтканда, айтылган 24 буюм ошол убакта эле эсептен чыгарылышы керек болчу.

Музейдин конференц-залы 2016-жылдагы өрттөн кийин
Сүрөттү музейдин иши менен ичинен тааныш болгон маалымат булагыбыз берди


Козголгон кылмыш иши

Расмий өкүлдөр да өрт чыккан кезде экспонаттар кайда болгону жөнүндө бири-бирине каршы келген түшүндүрмөлөрдү берип жатышты.

Исиралиева экспонаттар өрт чыккандан бир канча ай мурун эле музейден чыгарылганын айтса, музейдин кызматкерлери жана ведомстволор аралык комиссиянын документтери өрт чыккан учурда жыйындар залы экспонаттарды убактылуу сактоочу жай болгонун тастыктайт. Өрттөн кийин экспонаттардын бир бөлүгү маданият министрлигинин жөртөлөсүнө жеткирилсе, дагы бир бөлүгү Улуттук банкка сактоо үчүн берилген.

Өрт эмнеден улам келип чыкканы азыркыга чейин белгисиз. Бишкек милициясынын өтүнүчү менен өрттүн чыгуу себептерин иликтеген соттук эксперттердин отчётунда «жалынды күчөтүүчү затты колдонуу өрттүн себеби болгон» деп айтылат.

Отчётто «жыйындар залынын өрт чыккан жерлеринде өрт өзү башталышы үчүн күйүүчү (өрттү күчөтүүчү) суюктук төгүлгөнү» белгиленет. Бирок эксперттер өрттүн чыгуу себептери тууралуу бирдиктүү жыйынтык жасашкан эмес. Ал эми алар чогулткан маалыматтар OCCRP өзүнүн иликтөөсүн жарыялаганга чейин ачыкка чыгарылган эмес.

Ошондой эле Исираилова өрттүн чыгышы тууралуу карама-каршы билдирүүлөрдү жасаган. Өткөн жылы ал OCCRP менен «Клоопко» берген расмий жообунда музейге өрт коюлган болушу мүмкүн деген. Кийин өрт коюлган деп айтканын төгүндөп, атайылап өрт коюлганына ишенбей турганын жана соттук экспертизанын корутундусуна гана таянганын белгилеген.

2017-жылы райондук милиция өрт коюу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Иш эмне болуп бүткөнү белгисиз. Ички иштер министрлиги маалымат берүү тууралуу сурамыбызга жооп берген жок.

Булак

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх