Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Европа кинофестивалы Бишкек жана Ош шаарларында өтөт

Мындан тышкары, ата мекендик кинорежиссерлор жана видеооператорлор үчүн мастер-класс өткөрүлөт

Кыргызстанда Европа күнүн майрамдоого жана Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган Европа кинофестивалы башталат. Фестиваль 2022-жылдын 21-майынан 4-июнуна чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Ачылыш 21-майда саат 17:45те борбор калаадагы "Ала-Тоо" кинотеатрында болот. Ош шаарында фестиваль 29-майда Kinobox Semetey кинотеатрында ачылат.

Ошондой эле, көрсөтүүнүн алкагында Бүткүл дүйнөлүк кино фонду 21-22-майда Бишкекте кыргызстандык жаш кинорежиссерлор жана видеооператорлор үчүн “Эл аралык биргелешкен продюсерлерге көңүл буруу: Мунун баары кызматташууда” деген ураан алдында мастер-класстарды өткөрүүдө. 2009-жылдан бери Берлинале Дүйнөлүк Кино Фондунун командасынын мүчөсү, социолог, окутуучу Исона Адметтл өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх